Жол фондун түзүп, 1.4 млн айдоочуну башкаргыча, 20 нефтетрейдерди башкарган оңой – пикир

Жол фондун түзүп, 1.4 млн айдоочуну башкаргыча, 20 нефтетрейдерди башкарган жакшы. Мындай пикирин Раззаков атындагы КМТУнун Транспортту уюштуруу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кафедрасынын башчысы, профессор Калмамат Атабеков Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин Парламенттик угууда билдирди.

Профессордун билдиришинче, Жол фондун түзүү бул абдан жакшы идея. Бирок техникалык жагын реалдаштыруу кыйын болот.

«Акы төлөнүүчү жолдор бир жагынан жакшы, экинчи жагынан, аны ишке ашыруу татаал: аны көзөмөлдөө кыйын жана ал жерде чоң коррупциялык схемалар болушу мүмкүн. Акциздик кирешелерге токтогон жакшы, бирок 1 млн айдоочуну башкаргандан көрө 20 нефтетрейдерди көзөмөлдөгөн оңой», – деди ал.

Эскерте кетсек, бүгүн, 1-февралда, ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети «Жол тармагынын иштөөсүнүн каржылык негиздерин бекемдөө маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» жана «Жол фонду жөнүндө» Мыйзам долбоорлорун талкуулоо боюнча парламенттик угууларды өткөрдү.

Долбоордун демилгечилердин бири депутат Улугбек Ормонов мыйзам долбоорлору 6-чакырылыштагы депутаттар тарабынан биринчи окууда кабыл алынганын эске салды. Бирок, талкуулардын жүрүшүндө көптөгөн сын-пикирлер, сунуштар түшүп, алар экинчи окууда каралмак болгон. Мыйзам долбоорлорун иштеп чыгуунун негизги максаты – жол тармагынын иштешинин финансылык базасын чыңдоо болуп саналат.

Бул жол тармагын өнүктүрүүгө жана тышкы карызды тейлөөгө мүмкүндүк берет. «Мыйзам долбоорлорунун милдети – Жол фондун түзүү аркылуу өлкөнүн автожол тармагын өнүктүрүүгө багытталган бюджеттик кирешелердин айрым түрлөрүн бириктирүү», – деди Ормонов.

Эскерте кетсек, Жол фондун 2023-жылдын 1-январынан тарта ишке киргизүү сунушталууда. Ошону менен бирге Жол фондунун бюджетин жалпы пайдалануудагы жолдордо жүрүү, автотранспорт каражаттарын каттоо, максималдуу габариттерди таразага тартуу жана ченөө үчүн жыйымдардан жана башка булактардан түзүү сунушталууда.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкектеги автобекеттин курулушун 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын кечээ "Азаттыкка" билдирди.  Ал учурда курулуш-монтаждоонун негизги бөлүгү аткарылып, чатырды жабуу 80%га, жылытуу, желдетүү, суу менен камсыздоо, канализация жана электр жабдууларын орнотуу 50%га жакын аткарылганын билдирди. "Аймакта жер алдындагы суу чыккандыгына

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана