Жолдорду жыл сайын калыбына келтирүү үчүн 1.8 млрд сом талап кылынат

Жолдорду жыл сайын калыбына келтирип кармап туруу үчүн 1.8 млрд сом талап кылынат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетин Парламенттик угууда билдирди.

Анын айтымында, 1000 чакырым жолду бир катмар асфальт менен төшөө үчүн 2.6 млрд сом, ал эми эл аралык транспорттук коридорлорду кармоо үчүн 5.6 млрд сом керектелет.

Ошондой эле Аалиев жол тармагына эң көп каражат 2016-2017-жылдары бөлүнгөнүн белгиледи.

«Бул жылдары жол секторуна 4 млрд сом каралган. 2020-жылы пандемиянын кесепетинен жол секторун каржылоо деңгээли 1.4 млн сомду түзгөн. Жыл сайын талап кылынган каражаттардын көлөмү 10 млрд сомго чейин жетет», – деди ал.

Мындан тышкары окуңуз

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Жаңы автобекет 2026-жылдын экинчи кварталында курулуп бүтөт

Президенттин иш башкаруучусу Каныбек Туманбаев Бишкектеги автобекеттин курулушун 2026-жылдын экинчи кварталында бүткөрүү пландалып жатканын кечээ "Азаттыкка" билдирди.  Ал учурда курулуш-монтаждоонун негизги бөлүгү аткарылып, чатырды жабуу 80%га, жылытуу, желдетүү, суу менен камсыздоо, канализация жана электр жабдууларын орнотуу 50%га жакын аткарылганын билдирди. "Аймакта жер алдындагы суу чыккандыгына

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Айыл чарба өндүрүшү 10 айда 407,5 млрд сомду түздү

Кара-Суу районунун Большевик айылында Кыргыз дыйканчылык илимий институтунун пахтачылык станциясынын оңдолгон имараты пайдаланууга берилди. Аземге Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев катышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрилигинин маалымат кызматынан билдирди. Министрдин айтымында, 2025-жылдын 10 айында айыл чарба продукциясынын дүң өндүрүшү 407,5 млрд сомго

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Адабият күнүндө "Алтын калем" адабий сыйлыгы тапшырылды

Кечээ Улуттук адабият күнүнө карата Улуттук жазуучулар союзунун салтанаттуу иш-чарасы Тарых музейинде өттү. Салтанатта көптөн күткөн "Алтын калем" сыйлыгынын жана бир катар адабий сыйлыктардын жеңүүчүлөрү жарыяланды. Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев акын, жазуучуларды майрамы менен куттуктап, кийинки жылы залкар акын Турар Кожомбердиевдин 85 жылдыгын, адабиятчы, сынчы Салижан

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкекте каржы пирамидасы аныкталды

Бишкек шаарында 157 жаран акча каражаттарын тартуу менен алектенген VML_KG компаниясына байланыштуу арыз менен кайрылышты. Бул факты боюнча "Алдамчылык" беренеси менен кылмыш иши козголгонун борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгы билдирди. Укук коргоо органдарынын маалыматына ылайык, компаниянын кеңсесине мөөр басылып, тергөө үчүн маанилүү болгон каржылык жана