«Ками Моторстун» директору болуп 24 жаштагы Нурбек Арсен уулу дайындалды
Кыргыз фондулук биржасы (КФБ) 2022-жылдын 1-февралынан тартып «Ками Моторс» ААКтын директору Алия Сапарбаеванын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганын билдирди.
Компаниянын директорлор кеңешинин 2022-жылдын 31-январындагы отурумунун натыйжасында, директорлук орунга 1998-жылкы Нурбек Арсен уулу дайындалган.
Эскерте кетсек, «Ками Моторс» ААК автоунааларды чыгаруу жана сатуу ишмердүүлүгү менен алектенет. Компания KAMI NIMBLE деген жүк ташуучу унаасы менен да белгилүү.