«KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алынат
Министрлер Кабинети «KfW» Немец өнүктүрүү банкынан 9 млн евро өлчөмүндө грант алуу жөнүндө макулдашуу долбоорун жактырганы кабинеттин 100 күндүк отчетунда айтылат.
Министрлер кабинети алынган грант мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүүгө пайдаланылат деп билдирди.
Ошондой эле кабинет «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКтын уставдык капиталынын өлчөмүн 5.3 млрд сомго чейин көбөйткөнүн, бул келечекте мамлекеттик ипотекалык насыялоо тутумун өнүктүрүү үчүн тышкы рынокто кошумча инвестицияларды тартууга мүмкүндүк берет деп ишенгенин билдирди.
2021-жылдын 31-декабрына карата 1567 млн сом суммасындагы ипотекалык насыя берилип, 732 үй-бүлө турак-жай менен камсыз болгон.