Президент менен Кытайга кимдер кетти?
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 3-февралда, КЭРдин Пекин шаарына иш сапары менен учуп кетти.
Президент менен бирге бир катар мамлекет кызматкерлери да кетишти. Алар:
- Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Жээнбек Кулубаев
- КРнын Кытайдагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Канайым Бактыгулова
- Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев
- Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев.
Сапардын алкагында Жапаров Кышкы Олимпиада – 2022 оюндарынын ачылыш аземине катышып, КЭР Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат. Жолугушууда саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланат.