УКМК: «Соцсервис» МИ мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтиргени аныкталды
УКМК мамлекеттик бийлик органдарында, анын ичинде мамлекеттик бюджеттен каржылануучу ишканаларда коррупциялык көрүнүштөрдү аныктоо иш-чараларынын жүрүшүндө «Соцсервис» МИ мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирген деп табылып, анын мурдагы директору Аман Абдылдаев камакка алынды.
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караган «Соцсервис» мамлекеттик ишканасына социалдык тармакты жөнгө салуучу мамлекеттик органдардын маалыматтык системасын иштеп чыгуу жана ишке киргизүү үчүн 101 млн 900 миң сом өлчөмүндө каражат бөлүнгөн.
Бирок аталган ишкананын кызмат адамдары кылмыштуу бүтүмгө кирип, белгиленген маалыматтык системаларды иштеп чыгууга жамынып, бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз чыгарып алышкан.
Бул факты боюнча УКМК тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) боюнча кылмыш иши козголуп, тергөөнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар ырасталган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө маалыматтык системалардын көпчүлүгү иштелип чыкпаганы, ишке кирбегени, муну менен мамлекетке миллиондогон доллар зыян келтирилгени аныкталып, санариптик трансформация боюнча стратегиялык мааниге ээ болгон «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» мамлекеттик программасын ишке ашыруу негизсиз созулулуулары аныкталган.