2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды
Кыргызстанда 2022-жыл Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы деп жарыяланды. Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ага ылайык, Министрлер Кабинети 2022-жылдын 1-мартына чейин Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылын өткөрүү боюнча жол картасын иштеп чыгат. Документти даярдоого илимпоздор, эл аралык эксперттер катышаары айтылууда.
Эске салсак, Кыргызстан дүйнө коомчулугуна жаратылышты жакшыртуу, мөңгүлөрдү коргоо боюнча бир катар сунуштарды демилгелеген эле. Өз тарабынан милдеттенмелерди аткарууну Кыргызстан массалык түрдө бак-дарактар отургузуу менен баштамай болду.