Кореялык компанияга FinMarket санариптик платформасынын долбоору тааныштырылды
Кечээ, 3-февралда КРнын Улуттук банкында «Кыргызстан банктарынын биримдиги» жана өлкөнүн коммерциялык банктарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда тегерек стол өттү. Анда Кореядан келген KT Corporation компаниясына FinMarket санариптик платформасы тааныштырылды.
Түштүк Кореянын делегациясын KT Corporation өкүлчүлүгүнүн директору Ким Хак Су жана ал компаниянын бизнести өнүктүрүү боюнча менеджерлери Айсулуу Умамбекова менен Элгиза Раева баштап келген.
KT Corporation компаниясынын өкүлдөрү үчүн FinMarket санарип платформасынын бет ачары болуп өттү. Бул платформа финансылык рыноктун маанилүү катышуучуларын: банктарды, микрофинансылык, камсыздандыруу жана брокердик компанияларды жана башка кызыкдар уюмдарды бириктирет.
FinMarket платформасынын негизги максаты – чакан жана орто ишканаларды, ошондой эле Кыргызстандын жарандары үчүн финансылык продуктылар менен кызматтарды санариптештирүүнү колдоо болуп саналат. Система кызматтарды колдонуучулардын каржы рыногуна бирдей жеткиликтүүлүгүн камсыздайт жана финансылык кызматтарды оптималдаштырууга жардам берет. Санариптик платформанын колдонуучулары маанилүү финансылык кызматтарга жана продуктыларга күнү-түнү аралыктан кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Тараптар FinMarket платформасын өнүктүрүүнүн алкагында мындан аркы өнүгүү жана кызматташуу боюнча пландары менен пикир алмашышты.
- KT Corporation – Түштүк Кореядагы интеграцияланган телекоммуникациялык кызматтарды көрсөткөн эң ири провайдер болуп саналат.
