Орундар алмашууда – «Кыргызпатентке» караштуу «Инновациялык борбордун» директору алмашты
Акылбек Жапаровдун тескемеси менен Ормушева Мээрим Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттигинин («Кыргызпатент») алдындагы «Инновациялык борбордун» директору болуп дайындалды. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.
Кечээ, 3-февралда «Кыргызпатенттин» жетекчилиги Ормушеваны ведомствонун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине жана Инновациялык борбордун эмгек жамаатына тааныштырды.
Кыргыз улуттук университетинин «Юриспруденция» адистигин, Японияда эл аралык мамилелер боюнча магистр даражасын аяктаган Ормушева Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматында жана кийинчерээк тергөө башкармалыгында эмгектенип келген.