Интервенциялар сомду кармап турууга жасалган жок – Улуттук банк билдирет
2020-2021-жылы жасалган чоң көлөмдөгү интервенциялар улуттук валютаны жасалма кармоого багытталган эмес. Бул тууралуу Улуттук банк өзүнүн атайын билдирүүсүндө айтты.
УБ 2020-жылы ири көлөмдөгү валюталык интервенциялар 518 млн долларга, 2021-жылы 737 млн долларга жеткенин тастыктады.
«Бирок, бул операциялар COVID-19 пандемиясына байланыштуу кыйын кырдаал шартында жүргүзүлүп турган акча-кредит саясатынын бир бөлүгү болуп саналат жана ал улуттук валютаны жасалма кармоого багытталган эмес. Буга далил катары Улуттук банктагы алтын-валюта резервинин пландуу өсүүсүнүн уланышын алсак болот», – дейт регулятор.
Валюталык интервенциялардын олуттуу өсүшүнө карабастан, 2020-жылы алтын-валюта резервинин көлөмү 384 млн долларга көбөйгөн. 2021-жылы алтын-валюта резервинин өсүшү 170 млн долларды түзгөн.
УБ алтын-валюта резервинин мындай деңгээли өлкөнүн финансы жана банк системасынын жогорку ишенимдүүлүгүнүн жана туруктуулугунун кепилдиги болот деп эсептейт.
«Улуттук банктын монетардык саясаты биздин өлкөнүн экономикасынын өзгөчөлүктөрүн, ачык капитал рыногунун шарттарын эске алуу менен чет өлкө валютасын сатып алууда же сатууда эч кандай тоскоолдуктарды жаратпаган шартта иштелип чыгат жана ишке ашырылат», – деп айтылат билдирүүдө.
Акча-кредит саясатынын мындай режими 1993-жылы өлкөнүн улуттук валютасын жүгүртүүгө киргизген кезде тандалып алынган жана азыр да ушул режим сакталган.
«Мындай шарттарда өлкөнүн монетардык саясаты алтын-валюта резервинин жардамы менен инфляцияны же алмашуу курсун кармап тура албайт жана Улуттук банкта бул процесстер боюнча комплекстүү түшүнүктөр бар», – дейт УБ.