Кыргызстанда 1%га жетпеген эле асыл тукум мал бар
Кыргызстанда 1%га жетпеген асыл тукум мал бар. Бул тууралуу бүгүн, 7-февралда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.
Министрдин айтымында, Кыргызстанда асыл тукум малдын үлүшү өтө эле аз жана алардын азыктуулугу дагы өтө төмөн. Ал учурда 1000 литрге жетчү сүт бербеген уйлар, 3 жаштык букалар 200 кг эт бербей тургандыгын белгилеп өттү.
«Кайран кыргыздар ошол малдар үчүн убара болуп жүрүшөт. Кыргызстанда 1%га жетпеген асыл тукум эле мал бар», – деди министр.
Өлкөдө 269 асыл тукум чарба болсо, учурда алардан 108 чарба калган. Алардын баары министрликтин катуу талабынын негизинде жоюлган.