Кытай КРдан электр энергиясын сатып алууга даяр – сунушту кыргыз тарап киргизди
Кыргыз тарап КРдан КЭРге электр энергиясын экспорттоо маселесин изилдөөнү сунуштады, кытай тарап бул сунушту изилдөөгө даяр экенин билдирди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.
Белгилей кетсек, Садыр Жапаров менен КЭРдин Төрагасы Си Цзиньпин Пекиндеги сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында Биргелешкен билдирүү кабыл алышты.
Ал билдирүүдө берилген сунушту Кытай карап көрүүгө даяр экенин айтат.
Мындан сырткары, тараптар өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана инвестициялык кызматташтыкты, эки тараптуу техникалык-экономикалык кызматташтыкты илгерилетүү алкагында долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу боюнча жигердүү иштерди улантышаары айтылат.
Эки мамлекеттин башчылары эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтыктын маанилүү жана келечектүү багыттары инфраструктура, транспорт, энергетика, кайра иштетүү өнөр жайы, айыл чарбасы, тоо-кен өнөр жайы, санариптештирүү, туризм, аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, ошондой эле климаттын өзгөрүшү менен күрөшүүдө кызматташтыкты жолго коюу жана жашыл энергетиканы өнүктүрүү болуп саналат деп ишенишет.