Президент кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады
Президент Садыр Жапаров кечээ, 6-февралда, Пекин шаарында Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушканын өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчылары саясий, соода-экономикалык чөйрөлөрдө эки тараптуу мамилелердин актуалдуу маселелерин жана келечегин, ошондой эле биргелешкен ири долбоорлорго инвестиция тартууну талкуулашты.
Мындан тышкары, КР экономиканын тиешелүү тармактарында жаңы долбоорлорду стимулдаштыруу максатында жалпы капиталы 1 млрд долларды түзгөн кыргыз-кытай инвестициялык фондун түзүүнү сунуштады. Анын айтымында, ал чакан жана орто бизнес тармагындагы эки тараптуу долбоорлорду каржылай алмак.
Ошондой эле Жапаров Кыргызстандын аймагында эпидемиологиялык абал жакшырганга чейин токтотулган бир катар инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү үчүн өлкөлөр ортосундагы үзгүлтүксүз аба каттамдарын жандандыруунун маанилүүлүгүн белгиледи.