Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө колдонулат, ал 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет

Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө колдонулат, ал 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет

Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө жолдору колдонулат. Алынган сумма 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет. Жогорку Кеңештин депутаты Нурбек Алимбеков бул тууралуу бүгүн, 7-февралда «Парламент» радиосунда билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, айыл чарба багытындагы насыяларды таратууда «РСК», «Айыл банк» жана «Керемет» банктарынын капиталдары көбөйтүлдү.

«Айыл чарбасын көтөрүүгө 22 млрд сом каралып жатканы жакшы жылыш. Бул башка жылдарга салыштырмалуу дээрлик 5 эсеге көп сумма. Насыя алууда 300 миң сомго чейинки каражатты күрөөсүз алуу жеңилдиги бар. Айыл чарба насыяларынын үстөгү 6%дан ашпайт», –  деди Алимбеков.

Буудайдын дыйкандар үчүн белгиленген болжолдуу баасы 46 сомдун тегерегенде болсо, арпаныкы 51 сомго чамалайт.

«Үрөн алууда акчаны бөлүп төлөө жолдору колдонулат. Алынган сумма 2 жыл ичинде 4% менен эсептешилет», – деди депутат.

Ошондой эле ал суу системасын талаптагыдай иштетүү үчүн 1.1 млрд сом бөлүнүп жаткандыгын, сугат тармагына буга чейин 200-250 млн сом гана каралып келгенин, эми бул коюлган пландарды ишке ашыруу гана калганын белгилеп өттү.

Белгилей кетсек, бүгүн, 7-февралда өткөн Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында быйыл 723.5 миң гектар жерге жазгы талаа жумуштары жүргүзүлөөрү, ал эми пайдаланылбаган жер 53.7 га түзөөрү тууралуу Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков маалымат берди.

Мындан тышкары окуңуз

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

Жер пайдалануу жана көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖПКБ) Бишкектеги "Ориентал" кафесинин жанындагы курулушун демонтаждаларын билдирди. Кафе жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан жана мамлекеттик акт боюнча С.Каралаев көчөсү, 45 дарегинде катталган. ЖПКБнын маалыматына ылайык, кафенин чыгыш тарабында жеке менчиктен тышкары, муниципалдык жерге уруксат документтери жок курулуш жүргүзүлүп, Аламүдүн дарыясынын үстүнө

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын аткаруучу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фонду биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-февралындагы директорлор кеңешинин чечими менен экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — мүчө катары иштеп келген Медербек Курманбековдун ыйгарым укуктары мөөнөттөн мурда токтотулду. 2026-жылдын 19-февралынан тартып экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — жаңы

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

Ак-Суу районунда 1,2 млрд евролук "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластеринин курулушу мониторингден өткөрүлгөнүн Экономики жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министр Медер Туманов мамлекеттик маанидеги долбоордун аткарылышын текшерди. Бул долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курортторун бириктирип, аймакты эл аралык деңгээлдеги жыл бою иштеген борборго айлантууну максат

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу