Санариптик министрлиги Баткен жана Чүйдө жөлөкпулга арызды жеринде кабыл алат

Санариптик министрлиги Баткен жана Чүйдө жөлөкпулга арызды жеринде кабыл алат

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин мобилдик тобу Баткен жана Чүй облустарын кыдырып, жеринде бир катар кызматтарды көрсөтөт жана анын ичинде жөлөкпулга да арыздарды кабыл алат. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматы билдирди.

Мобилдүү топ төмөндөгү кызматтарды көрсөтөт:

  • КРнын жаранынын паспортун алууга документтерди кабыл алуу
  • жарандык абалдын актыларынын каттоо жана күбөлүктөрдү алуу
  • «Балага сүйүнчү» бир жолку жөлөкпулга арыздарды кабыл алуу
  • көйгөйлүү жеке идентификациялык номерлер боюнча арыздарды кабыл алуу
  • КРнын жарандарын туруктуу жана убактылуу жашаган жери боюнча каттоо
  • дарек маалымкаттарын алуу
  • чет өлкөлүк жарандарды каттоо
  • жарандык маселелери боюнча консультация берүү жана документтерди кабыл алуу
  • биометрикалык маалыматтарын каттоо.

Мобилдик топтун Баткен облусунун Баткен районунун калктуу конуштарына чыгуу графиги 3-15-февраль аралыгында жүрөт.

Мындан тышкары окуңуз

Наманган облусундагы ишканалар кыргыз ишкерлеринин көңүлүн бурду

Наманган облусундагы ишканалар кыргыз ишкерлеринин көңүлүн бурду

Кыргыз Республикасынын Өзбекстандагы соода өкүлү Уран Темирбеков Наманган облусуна сапар менен барды. Сапардын алкагында ал Наманган облусунун Соода-өнөр жай палатасынын жетекчилиги, “Наманган” эркин экономикалык аймагынын администрациясы жана аймактагы өнөр жай ишканалары менен жолугушууларды өткөрдү. Экономика жана коммерция министрлигинин маалыматына ылайык, сапардын жүрүшүндө Темирбеков төмөнкү ишканалар менен таанышып, алардын ишмердүүлүгүн жеринен

Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилүүдө

Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги Ош шаарында сугат каналдары иретке келтирилип жатканын билдирди. Ош шаарынын аймагында чарбалар аралык маанидеги 15 ири сугат канал бар. Жалпы узундугу 155 чакырымдан ашкан сугат каналдарынын, 107 чакырымы шаар аймагында жайгашкан. Каналдар Ош шаарынын, Кара-Суу жана Араван райондорунун эгин талааларын

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кара-Балта–Чалдыбар жолун оңдоого 15 млн евро грант бөлүнөт

Кечээ транспорт жана коммуникациялар министри Абсаттар Сыргабаев Европа Биримдигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Реми Дюфло менен жолукту. Ведомстводон маалымдашкандай, жолугушуунун алкагында министр Абсаттар Сыргабаев Кыргызстан менен Европа Биримдигинин транспорт тармагындагы кызматташтыгы мындан ары да бекемделерин билдирди. Ал Ташкент шаарында өткөн Транскаспий транспорт коридору жана өз ара байланыш боюнча форумунун алкагында Европа

Кара-Суу районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Кара-Суу районунда 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун Андагул айылында Т. Шериев атындагы 150 орундуу жаңы мектептин курулушу толугу менен аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, мектеп республикалык бюджеттин эсебинен каржыланган. Долбоорго ылайык, Г-формасындагы эки кабаттуу имарат үч блоктон турат. Жаңы мектеп окуучулар үчүн заманбап шарттарды