Талас облусунда кант заводу ишке кирди – аз камсыз болгондорго бекер берилет

Талас облусунда кант заводу ишке кирди – аз камсыз болгондорго бекер берилет

Талас районунда «Альянс Алтын» компаниясынын колдоосу менен кант заводу ишке берилди. Анын расмий ачылыш аземине Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Долбоор «Альянс Алтын» компаниясынын алдында түзүлгөн «Бакубат Талас» фондунун колдоосу менен ишке ашты. Кант заводун ишке киргизүүгө фонд тарабынан 16.8 млн сом бөлүнгөн. Белгилей кетсек, каражат пайызсыз негизде берилген.

«Завод 100 жумушчу орунга ылайыкталган. Бул жерде суткасына 50 тонна шекер кайра иштетилет. Заводдун өндүрүмдүүлүгүн 1000 тоннага чейин жеткирүү пландалууда», – деп билдирди ишкананын жетекчиси Бактыбек Чаткалбаев.

Келишимге ылайык, жыл ичинде комбинат Талас облусунун калкынын социалдык жактан аялуу катмарына 20 тоннадан кем эмес кумшекер берет.

«Бул «Альянс Алтын» ишканасы койгон негизги шарттарынын бири», – деп билдиришти компаниядан.

Белгилей кетсек, буга чейин дыйкандар кант кызылчасын Маймак станциясы аркылуу Чүй облусундагы кант заводдоруна жөнөтүшчү. Эми быйылдан баштап дыйкандар менен кант кызылчасын алуу боюнча келишим түзүлөт.

Статистикалык маалыматтарга таянсак, 2021-жылы облуста кант кызылчасынын айдоо аянты 371 гектарды түзүп, андан 12.8 миң тонна түшүм жыйналган.

Эске салсак, Талас облусу 2021-жылы негизинен «Альянс Алтын» ишканасынан түшкөн салыктын эсебинен дотациядан чыккан. Эксперттер бул облуста экономиканын өсүшүн болжолдошууда.

Мындан тышкары окуңуз

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

"Ориентал" кафесинин жанындагы курулуш демонтаждалат

Жер пайдалануу жана көзөмөлдөө башкармалыгы (ЖПКБ) Бишкектеги "Ориентал" кафесинин жанындагы курулушун демонтаждаларын билдирди. Кафе жеке менчик жер тилкесинде жайгашкан жана мамлекеттик акт боюнча С.Каралаев көчөсү, 45 дарегинде катталган. ЖПКБнын маалыматына ылайык, кафенин чыгыш тарабында жеке менчиктен тышкары, муниципалдык жерге уруксат документтери жок курулуш жүргүзүлүп, Аламүдүн дарыясынын үстүнө

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропортторунун" экономика, финансы жана стратегиялык өнүгүү боюнча директору алмашты

"Кыргызстан аэропорттору" ААКсынын аткаруучу органынын курамында өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фонду биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 18-февралындагы директорлор кеңешинин чечими менен экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — мүчө катары иштеп келген Медербек Курманбековдун ыйгарым укуктары мөөнөттөн мурда токтотулду. 2026-жылдын 19-февралынан тартып экономикалык, каржы жана стратегиялық өнүгүү боюнча директор — жаңы

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

"Ала-Тоо Резорт" 1,2 млрд еврого бааланды

Ак-Суу районунда 1,2 млрд евролук "Ала-Тоо Резорт" тоо лыжа кластеринин курулушу мониторингден өткөрүлгөнүн Экономики жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Вице-министр Медер Туманов мамлекеттик маанидеги долбоордун аткарылышын текшерди. Бул долбоор Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук курортторун бириктирип, аймакты эл аралык деңгээлдеги жыл бою иштеген борборго айлантууну максат

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Парламент турак жайларды камсыздандыруу мыйзам долбоорун жактырды

Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети "Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү карап чыкты. Документ Министрлер кабинети тарабынан иштелип чыккан. Ага ылайык, камсыздандыруу пулу (бирикмеси) юридикалык жак макамын алып, каражатты камсыздандыруу төлөмдөрүнүн бир бөлүгүнөн түзөт. Финансы рыногун жөнгө салуу