Арызыңарды өткөрүп берем деген шылуундарга ишенбегиле – МИК эскертет
Мамлекеттик ипотекалык компания (МИК) кардарларын «арызыңарды өткөрүп берем», «кезегиңерди жылдырып берем, «акча алууга жардам берем» деген деген сунуштар менен WhatsApp же башка месенджерлерден жөнөтүлгөн билдирүүлөгө ишенбөөгө чакырат.
МИК арызды кабыл алуу толук түрдө автоматташтырылганын, бул процесске эч ким кийлигише албай тургандыгын, бул атайын коррупциялык схемаларга жол бербөө үчүн жасалгандыгын эскертет.
«Арыздарды текшерүү жана верификация процедурасына 2 айдан 3 айга чейин убакыт талап кылынат. Анткени сиздин заявка толук толтурулуп МИКтин кароосуна келгенден кийин мамлекеттик органдарга(МСК, Соцфонд) суроо жөнөтүлүп, жообун күтөбүз. Ошентип ар бир келген заявка 3 этаптан турган верификациядан өтөт, бул үчүн убакыт талап кылынат», – деп айтылат билдирүүдө.