Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес
Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес. Бул тууралуу депутат Улан Бакасов ЖКнын Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Депутаттын айтымында, учурда бала бакча, мектеп жетишсиз. Нарын шаарынын батыш тарабында №9 мектеп убагында дүкөн болуп салынып келе жатып, кийин элдин талабы менен мектеп болуп калган. Ал жерде мектеп үчүн жер тилкеси дагы бөлүнгөн, долбоор даяр, бирок эч эле салынбай келет.
«Ошол жерге мектеп түшсө, №9 мектепти бала бакча кылмакпыз. Нарында курулуш башталып, бирок бүтпөй калгандар толтура. Эмне үчүн алар бүтпөй турат? Эгемендикти алгандан бери Нарында бир да бала бакча, мектеп курулган эмес», – деди Бакасов.
Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин өкүлү 2010-2021-жылдан бери курулушу бүтпөй туруп калган объектердин саны 421ге жеткенин, сарпталган акча 2 млрд 255 млн сомду түзгөнүн, алар көзөмөл жоктугунан туруп калганын, учурда аларды ревизия кылып чыгып, кайра иштер жүргүзүлөөрүн билдирди.