Экономика министрлиги рестораторлорго бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүүнү карайт
Экономика министрлиги коомдук тамактануучу жайлардын бирдиктүү салыктын ставкасын 2%га чейин төмөндөтүү боюнча кайрылуусун карайт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.
Министрлик 2021-жылдын 1-сентябрында КРнын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбоору өкмөттүн расмий сайтында коомдук талкууга коюлганын эске салды. Анда талдоолорду эске алуу менен коомдук тамактануу ишканалары үчүн бирдиктүү салыктын ставкасы 8% өлчөмүндө белгиленген.
«Белгилей кетсек, коомдук талкуу учурунда бул тармактын өкүлдөрүнөн эч кандай сунуш түшкөн эмес», – деген Экономика министрлиги, парламенттеги талкууда депутаттар тарабынан деле эч кандай өзгөртүүлөр сунушталбаганын билдирди.
Жаңы Салык кодексине кол коюу учурунда коомдук тамактануу ишканаларынын Ассоциациясынан бирдиктүү салыктын ставкасын 5%га чейин төмөндөтүү сунушу менен кайрылуу түшкөн. Бул мыйзам долбоорундагы кайрылууну эске алуу менен ставканы 6%га чейин төмөндөтүү сунушталганын ведомстводон маалымдашты.
Эскерте кетсек, Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) аткаруучу директору Аскар Сыдыков Салык кодексинин жаңы редакциясына ылайык, коомдук тамактануу ишканалары үчүн белгиленген бирдиктүү салыктын максималдуу 8%дык ставкасы тууралуу пикирин билдирген. Сыдыков бул ставка бизнес үчүн өтө жогору болуп саналаарын, рестораторлор 15%дык кирешесинин 8%ын салык түрүндө төлөөгө даяр эмес экенин, алар көмүскөгө кетүүгө аргасыз болушаарын айткан эле.