Монголиядан Бишкекке түз аба каттамын ачуу пландалууда
Монголиянын Hunnu Air авиакомпаниясы 6-марттан тарта Улан-Батор – Бишкек – Улан-Батор багыты боюнча аба каттамын ачууну пландоодо. Бул тууралуу Hunnu Air авиакомпаниясынын башкы директору Пуревжал Мунхжаргал жарандык авиация департаментинин директору Александр Настаев менен жолугушууда билдиргенин ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, учуу каттамын Embraer 190 учагы аткаруусу пландалууда.
Настаев аба каттамдарын ачууга ар тараптуу жардам көрсөтүүгө убада берди. Мындан тышкары, монгол тарапка Ош жана Ысык-Көл эл аралык аэропортторуна аба каттамдарын ачуу, ошондой эле Кыргызстандын авиакомпаниялары менен кызматташууну карап чыгуу сунушталды.