Түркиянын ири ишкерлер ассоциациясы Кыргызстанга келет
КРнын Инвестициялар боюнча агенттигинин (KADI) жетекчиси Нурадил Баясов Түркиянын «АСКОН» Ишкерлер ассоциациясынын (Askon Anadolu Aslanlari Is adamlari Dernegi) президенти Орхан Айдын башында турган ишкерлер менен жолукту. Бул тууралуу агенттиктин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда Баясов КРнын Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маалымат берип, түрк ишкерлерин өлкөгө инвестиция салууга чакырды.
Өз кезегинде ASKON Ишкерлер ассоциациясынын президенти Орхан Айдын эки мамлекеттин учурдагы мамилелери жаңы тепкичке чыкканын белгилеп, түрк ишкерлери Кыргызстанга инвестиция салуу боюнча кызыгуусу жогорку деңгээлде экендигин жана КРнын Инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгып, эң кыска убакытта ишкерлердин Кыргызстанга сапары уюштуруларын баса белгилегенин агенттиктен маалымдашты.
Ошондой эле түрк тарап агенттикти Кайсери шаарында өтө турган бизнес-форумга ардактуу конок катары чакырган. Агенттик отуздан ашуун өлкөнүн катышуусунда өтө турган бул сыяктуу иш-чаралар Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн таанытууда мыкты аянтча болот деп эсептейт.
- ASKON 1998-жылы түзүлгөн. Түркия боюнча 6 миңден ашуун мүчөсү бар, жалпысынан 500 миңден ашуун кишини иш менен камсыз кылат, Түркиянын ичинде 40тан ашуун филиалы ошондой эле Брюссель, Нью-Йорк, Пекин, Жидда, Жакарта сыяктуу дүйнөнүн маанилүү соода борборлорунда кеңселери бар. Жылдык товар айлануусу 17 млрд доллардан ашат.


