«Айыл Банк» коррупцияга шектелген кызматкерлери боюнча билдирүү жасады
УКМК 2017-жылы «Айыл Банк» ААКсы мамлекеттин кызыкчылыгына зыян келтирип, «Россиф» ЖЧК жеке ишканасына күрөөнү жасалма түрдө жогорулатуу менен 3.5 млн долларга (295.7 млн сом) туура эмес насыя берген деген айып менен банктын бир катар кызматкерлерин кармаган.
Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында («Коррупция» беренеси боюнча) тергөө амалдары жүргүзүлүп, бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо иштери жүрүп жатат.
Мына ушул маселеге байланыштуу жогоруда аты аталган банк, билдирүү жасады. Анда мамлекеттик үлүшү 100% болгон «Айыл Банк» бардык кирешеси жыл сайын бюджетке түшөөрүн, иштери ачык айкын экенин, отчеттор расмий сайтта жарыяланып тураарын айтып, азыркы жетекчилик ал иштерге тиешеси жоктугун билдирет.
«Бул жерде 2017-жылы берилген кредит тууралуу сөз болуп жатат, азыркы банктын жетекчилигине эч кандай тиешеси жок. Ал эми бул кредитти берүүгө катышкан камактагы кызматкерлер банкта иштебейт. Ал эми көйгөйлүү кредиттер менен иш тынымсыз көзөмөлгө алынып турат. Бул маселе, албетте, банкка терс таасирин тийгизди, бирок туруктуулугубузду буза албайт, биз бул кредиттер менен бир нече жылдан бери иштеп келебиз», – деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле банк бардык банктык операцияларды жүргүзөөрүн, учурда анын активдери 2021-жылдын 31-декабрына карата 39.96 млрд сомду түзөөрүн, кардарлардын учурдагы эсептери жана депозиттери азыр 22.86 млрд сомду түзгөнүн билдирди.