Айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлерине айнегин күңүрттөөгө уруксат берилбейт
Салык же айып пулдары төлөнбөгөн унаа ээлери айнегин күңүрттөөгө уруксат ала алышпайт. Бул тууралуу кечээ, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиев билдирди.
Ал ошондой эле лицензия автоунаага эмес, жеке адамга берилээрин белгиледи. Күңүрттөөгө уруксат алган жаран, унаасын сатуу учурунда алган лицензиясын сатып алуучуга өткөрүп бере алат же анын калган мөөнөтүн башка унаага берсе болот.
Амангелдиевдин айтымында, айнекти күңүрттөөнүн баасы 30 миңден 50 миң сомго чейин болот, бирок акыркы баа Министрлер кабинети тарабынан бекитилет. Тиешелүү органдардын эсебинде, бир жылда 20 миңге чейин унаага уруксат берилет.
Автоунаанын алдыңкы каптал айнектерин күңүрттөөгө уруксат Carcheck системасы аркылуу автоматтык түрдө берилет. Система төмөнкүдөй иштейт: төлөм жүргүзүлгөндөн кийин, арыз «Унаа» мамлекеттик мекемесине электрондук түрдө жөнөтүлөт жана каттоо ошол жерде жүргүзүлөт, ал автоматтык түрдө Carcheck тутумунда чагылдырылат. Андан кийин унаа ээси барып, айнектерин күңүрттөй берсе болот. Күңүрттөөчү материалдарга эч кандай талаптар жок.
«Бүгүнкү күндө Carchek системасы аркылуу каалаган жаран унаанын айып пулу, күрөөдө же камакта турабы же жокпу, унаа тууралуу ачык маалыматка ээ боло алат. Тонировкалоого уруксат дагы порталда ачык болот», — деп кошумчалады «Унаа» ишканасынын директорунун орун басары Бакыт Шералиев.
Белгилей кетсек, кечээ жыйында «Жол кыймылынын маселелери боюнча КРнын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоорунун алкагында жеңил унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү маселеси биринчи окууда каралды.
Айрым депутаттар аталган мыйзам долбоору коррупцияга жол ачып, жол коопсуздугуна коркунуч жаратпайбы деген кооптонууларын билдирип, бул маселелерди да эске алуу керектигин белгилешти. Талкуу соңунда мыйзам долбоору депутаттардын сунуш-пикирлерин эске алуу сунушу менен биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.