Акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоордун экинчи этабы башталды
Мамлекеттик салык кызматы февраль айында акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоордун экинчи этабын ишке киргизди. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
Долбоордун экинчи этабы алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча өткөрүлөт. Биринчи этапка ылайык, долбоор январь айынан баштап тамеки буюмдары боюнча жүргүзүлүүдө.
Белгилей кетсек, Салык кызматы январь айынан тартып өлкөнүн аймагында милдеттүү же ыктыярдуу маркаланууга тийиш болгон акциздик товарларга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук (эксперименталдык) долбоорду ишке ашырууда, ал 2022-жылдын 1-июлуна чейин созулат.
Пилоттук долбоор КРда маркалоонун жана маркаланган товарларга байкоо жүргүзүүнүн улуттук системасынын оператору – «Альфа Телеком» ЖАК менен биргеликте ишке ашырылууда.
Товарларды маркалоо боюнча кошумча маалыматты «Текшер» системасынын www.teksher.kg сайтынан, ошондой эле (0312) 61-17-94, 61-15-60 номерлеринен алууга болот.
Кошумча окуңуз: МСК тамеки жана алкоголдук продукцияга акциз салыгын санариптик башкаруу боюнча пилоттук долбоорду баштайт