Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро алууну көздөөдө

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро алууну көздөөдө

Кыргызстан Камбар-Ата ГЭС-1ди курууга еврооблигациялар аркылуу 500 млн евро тартууну ниеттенүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-февралда «Кыргызстандын туруктуу энергетикага өтүүсү: тоскоолдуктар жана чечүү жолдору» улуттук форумунда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

Ал бийлик инфраструктуралык курулушту баштоо үчүн 18.8 млн доллар тапканын, ошол эле учурда Камбар-Ата ГЭС-1дин курулушунун биринчи фазасына 458 млн доллар керектелерин айтты.

«Биз эл аралык каржы институттары менен активдүү финансылык консультацияларды алууну баштадык жана биринчи жолу евробонддор рыногуна чыгып жатабыз – биздин өлкө бул рыноктон четте калган жалгыз өлкө. Биз быйыл европалык рыноктордон 500 млн евро карыз алып, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунун биринчи фазасын баштоону пландап жатабыз», деди Жапаров.

Министрлер кабинетинин башчысы ошондой эле Камбар-Ата ГЭС-2нин экинчи агрегатынын курулушун баштоо планын да билдирди. «Биздин энергетиктер бүгүн Москвада акыркы сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Быйыл экинчи агрегаттын курулушун жана Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи фазасынын курулушун баштайбыз деп ишенем», деп кошумчалады ал.

Кошумча окуңуз: Акылбек Жапаров: «Камбар-Ата-1» ГЭСинин курулушу быйыл башталат

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда жалпы 3,7 млн эркек адам бар

Кыргызстанда жалпы 3,7 млн эркек адам бар

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2026-жылдын башына карата Кыргызстандагы эркектердин саны 3,7 млн адамды түзүп, бул жалпы калктын 49,5%ын түзгөн. Эркектердин болжол менен үчтөн экиси айыл жергесинде жашайт. Ошол эле учурда ар бир жетинчи эркек Бишкек шаарында жашайт. 2024-жылдагы маалыматтар боюнча эмгекке жарамдуу курактагы эркектердин иш менен

Акыйкатчынын аракети менен таластык 21 жаран кайра ишине орношту

Акыйкатчынын аракети менен таластык 21 жаран кайра ишине орношту

Талас облусунун 21 тургуну эмгек укуктарынын бузулушу боюнча Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы Жамиля Жаманбаевага кайрылды. Акыйкатчы институтунун маалыматына ылайык, жарандар 5-16-январь күндөрү Талас шаарындагы көп кабаттуу турак жайдын курулушунда иштеп келишкен. Алардын айтымында, курулуш компаниясы 16-январда жүйөсүз негизде жумуштан бошотуп, алардын ордуна башка өлкөнүн жарандары кабыл алынган. Маалым болгондой, жумушчулар менен

Кыргызстан 2025-жылы 6,2 тонна алтын экспорттогон

Кыргызстан 2025-жылы 6,2 тонна алтын экспорттогон

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан алдын ала маалыматтарга ылайык 6,2 тонна алтынды 682,8 млн долларга экспорттогону Улуттук статистикалык комитеттин маалыматтарына жүргүзүлгөн талдоодо айтылат. Белгилей кетсек, декабрь айында Кыргызстан алтын экспорттогон эмес. 2025-жылы алтын төмөнкү өлкөлөргө жеткирилген: * Швейцария — 3,9 тонна, 437,8 млн долларга; * Улуу Британия — 2,1 тонна,

Бишкекте курулуш объектиси 200 миң сом айып пулга жыгылды

Бишкекте курулуш объектиси 200 миң сом айып пулга жыгылды

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигине караштуу Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаменти Бишкек шаарындагы курулуш объектилеринде пландуу текшерүү жүргүздү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Текшерүүнүн жүрүшүндө Көк-Жар айылынын Мадиев көчөсү 9 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу турак жай курулуп жаткан объектте бир катар мыйзам бузуулар аныкталды. Тактап айтканда, 9 кабаттуу имаратка кошо