Кыргызстандын портфелинде МЖӨ боюнча 55 долбоор бар
Бүгүнкү күндө мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) долбоорлорунун портфелинде суммасы 1 млрд доллардан ашык 55 долбоор бар. Бул тууралуу Экономика министрлигинин былтыркы жыйынтыктоочу коллегиясында белгилүү болду.
Анын ичинен төрт долбоор ишке ашырылууда, 10 долбоор боюнча жеке өнөктөш тандоо боюнча сынак жарыяланган (төртөө үчүн жеке өнөктөштөр тандалган). МЖӨ боюнча дагы 41 долбоор башталуу жана даярдоо стадиясында турат.
Эскерте кетсек, буга чейин «Алматы – Ысык-Көл альтернативалык жолунун курулушу» МЖӨ долбоорун даярдоо, ошондой эле француз TOTAL Eren компаниясы менен күн жана шамал станциялары боюнча долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы тууралуу маалымдалган эле.
Мамлекеттик жеке өнөктөштүк (МЖӨ) борборунун директору Санжар Болотов буга чейин билдиргендей «Манас» аэропортуна да жеке инвестор тандоо 2022-жылга пландалып жаткан.