КРнын Россиядагы Элчилиги мамлекетке каржылык зыян келтирген
КР Эсептөө палатасы Кыргызстандын Россиядагы Элчилигинин бюджетине аудит жүргүздү.
Аудиттин материалдарында айтылгандай, КРнын Бюджеттик кодекстин нормаларын сактоо боюнча кээ бир кемчиликтер белгиленген.
Тактап айтканда, «Ижара төлөө» беренеси боюнча такталган пландык көрсөткүчтөрдүн бюджеттик каражаттардын чыгашалар сметасында жоктугуна карабастан, КРнын Финансы министрлиги тарабынан каржылоо ачылган.
Элчиликтин жетекчилигинин буйругу менен кызматтык унаага күйүүчү-майлоочу каражаттардын чыгымдоосунун ченемдери бекитилген, бирок ал тиешелүү орган тарабынан бекитилген авто унааларга күйүүчү майдын чыгымдоосунун линейлик ченемдерден жогорулатылгандыгы аныкталган.
Натыйжада, ТИМге жана аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө Эсептөө палатасынын жазма буйруктары жана сунуштамалары жөнөтүлдү.