Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган.

Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында көрсөтүлүүчү медициналык жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана ачык-айкындуулугун жогорулатуу максатын көздөйт.

Мыйзамдын 13-статьясындагы өзгөртүүлөргө ылайык, камсыздандырылган жарандар милдеттүү медициналык камсыздандыруу боюнча медициналык, фармацевтикалык, алдын алуучу жана реабилитациялык кызматтарды алууга укуктуу. Мындан тышкары, алар көрсөтүлүүчү кызматтардын түрү, сапаты жана шарттары тууралуу толук маалымат ала алышат.

Ошондой эле медициналык камсыздандыруу тутумундагы кызмат көрсөтүүчүлөрдүн милдеттери кеңейтилди. Алар жарандарга көрсөтүлгөн медициналык жардам тууралуу жекелештирилген эсеп жүргүзүүгө, кызматтардын тизмеси жана сапаты жөнүндө маалыматты көрүнүктүү жерге жайгаштырууга жана иштөө режими боюнча толук маалымат берүүгө милдеттендирилди.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ошто өрттөн үч өспүрүм каза болуп, үй ээси ооруканага жеткирилди

Баткенде 27 млн сомдук жаңы көпүрө ачылды

Кыргызстан менен Азербайжан экология тармагында кызматташууну талкуулады

Түптө 5 жылда 55 ишкана ачылып, 900 жумуш орду түзүлдү

Ошто Ак-Бууранын жээгине дагы 2 чакырымга жакын веложол курулду