Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан каржылоо алды – сайтын иштеп чыгат

Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан каржылоо алды – сайтын иштеп чыгат

Финансы министрлиги Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынан (ЭАӨ) алган каражатынын бир бөлүгүн жаңы сайт жасоого жумшайт. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Министрлик «Мамлекеттик финансыны башкарууда потенциалды өнүктүрүү» экинчи долбоорун ишке ашыруу үчүн ЭӨАдан грант жана кредит түрүндө каржылоо алды жана каражаттардын бир бөлүгүн консультациялык кызмат көрсөтүүлөргө, тагыраак айтканда, интернет колдонуучулар үчүн бардык керектүү маалыматтарды камтыган «www.minfin.gov.kg» интернет-сайтын иштеп чыгууга жумшайт.

«Порталды түзүүнүн максаты – мамлекеттин бюджеттик, каржылык жана салык саясатынын негизги багыттары боюнча маалымат берүү, ошондой эле жарандар жана кызыкдар тараптардын кеңири чөйрөсү үчүн бюджеттик системалардын айкындуулугу жана ачыктыгы принцибин ишке ашыруу болуп саналат», – деп айтылат билдирүүдө.

Финансы министрлиги жогоруда көрсөтүлгөн кызматтарды көрсөтүүгө кызыкдар болгон консалтингдик фирмаларды иштешүүгө чакырат.

Кыска тизмеге кирүүгө консалтингдик компаниялар төмөнкү критерийлерге жооп бериши керек:
  • Акыркы 5 жыл ичинде IT-долбоорлорду ишке ашырууда ийгиликтүү тажрыйба, КРдагы IT-долбоорлорду ишке ашыруу тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат
  • Веб-сайттарды, маалымат базалары менен маалыматтык системаларды түзүү тажрыйбасынын болушу
  • Маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча тажрыйба.

Билдирүүлөр 2022-жылдын 3-мартына чейин төмөнкү дарекке жеткирилиши керек: 720040, Эркиндик бульвары 58/А, 302-кабинет. Телефон: 0312 62 03 57, 66 60 01. Факс: 0312 62 04 19.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында