КРнын жүк ташуучуларында QR-коду менен электрондук эсеп-фактурасы болбосо Казакстанда текшерүүгө кабылышат
КРнын жүк ташуучуларында товарларды Казакстандын аймагына жана ЕАЭБге мүчө өлкөлөрүнө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек. Бул тууралуу МСКнын маалымат кызматы билдирди.
QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын болушу – автотранспорт каражаттарына Казакстандын мамлекеттик киреше комитети тарабынан контролдук-текшерүү иш-чараларын өткөрбөстөн маршрут боюнча жүрүүгө мүмкүндүк берет. Бирок ал жок болгон учурда, багыттоо пунктунда тиешелүү контролдук иш-чаралар жүргүзүлөт.
Мындай чечим Алматы шаарында өткөн КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.
Иш-чарага кыргыз тараптан Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев, МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов, ошондой эле башка мамлекеттик органдардын өкүлдөрү катышты.