Ошто контрабанда жолу менен алынып келген 1 млн сомдук «пекин капустасы» табылды

Ошто контрабанда жолу менен алынып келген 1 млн сомдук «пекин капустасы» табылды

Түштүк-Батыш бажысынын кызматкерлери 800 миң сомдон ашык контрабандалык товарды кармашты. Бул тууралуу Бажы кызматынын маалымат кызматы кабарлады.

Түштүк-Батыш бажысынын Контрабандага жана бажы эрежелерин бузууга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Ош шаарында KLAESER маркасындагы чиркегичи менен Scania маркасындагы автотранспорттук каражат токтотулуп текшерилген.

Автоунаанын жүк салгыч бөлүгүн текшерип кароо учурунда  жалпы салмагы 21 810 кг түзгөн, декларацияланбаган товар – «пекин капустасы» табылган. «Эксперт-Оценка» ЖЧКсынын корутундусуна ылайык, товардын болжолдуу жалпы орточо рыноктук баасы 872 400 сомду түзөт.

Аталган факт Түштүк-Батыш бажысынын АДС МКЖге катталып, Ош облусунун прокуратурасына өткөрүлүп берилди.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында