Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын 87 миң долларлык карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат
Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын карызын төлөөнү 2027-жылга чейин узартат. Бул тууралуу Финансы министри Алмаз Бакетаев Сауд өнүктүрүү фондунун делегациясы менен жолугушуу учурунда белгилүү болду.
Сауд өнүктүрүү фонду 87.2 миң доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик тышкы карызды төлөөнү пайыздарды кошпостон 2027-жылдын августуна чейин узартат.
Жолугушууда Сауд өнүктүрүү фонду менен эки тараптуу жолугушуу болуп, эки тараптуу кызматташуу талкууланып, өз кезегинде Финансы министри «Мамлекеттик мектепти куруу» долбоорун ишке ашырууда 30 млн доллар өлчөмүндөгү каржылык жардам жана №5 Улуттук компьютердик гимназия үчүн кошумча окуу корпусунун ачылыш аземине катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.
Ошондой эле жолугушууда 2021-2026-жылдарга «Менин үйүм» турак-жай программасын ишке ашыруу талкууланды.