Улуу Британия менен кош салыкты болтурбоо боюнча мыйзам долбоору жактырылды
Жогорку Кеңештин депутаттары кечээ, 16-февральда Кыргызстан, Улуу Британия жана Түндүк Ирландия өкмөттөрүнүн ортосундагы кош салыкты болтурбоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Келишим ошондой эле кирешелерден жана капиталдык кирешелерден салык төлөөдөн качууну алдын алууга багытталган. Аталган мыйзам долбоору киреше жана капиталдын белгилүү түрлөрүнө салык салуу укугун ар бир мамлекетке бекитип берүү жолу аркылуу өнөктөш өлкөлөр жана чет өлкөлөр ортосундагы өз ара салыктык мамилелерди жөнгө салууну камтыйт.
Экономика жана соода министринин орун басары Канат Абдрахмановдун берген маалыматына таянсак, Улуу Британия менен КРнын ортосундагы соода жүгүртүү 2020-жылы 1 млрд доллардан ашса, 2021-жылы (январь-сентябрь) ал 242 млн долларга кыскарган.