1-мартка чейин чет өлкөлүк жарандар Кыргызстандан визасы жок чыгып кете алышат
Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин Кыргызстандын аймагынан визасы жана каттоосу жок чыгып кете алышат. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы билдирди.
«Анткени, 2022-жылдын 1-мартынан тартып аталган категориядагы жарандар тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздеши керек. Антпесе, мамлекеттин аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн айып пул төлөнгөндөн кийин гана чыгуусу мүмкүн», – деп айтылат билдирүүдө.
Мындай чечим Министрлер Кабинети тарабынан чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алуу менен кабыл алынган.
Эскерте кетсек, дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жайылуусуна байланыштуу 2020-жылдын 17-мартында КРнын Өкмөтү тарабынан буйрук кабыл алынып, ага ылайык, КРнын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар өлкө аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген.
КРнын визаларын тариздөө Жобосунда көрсөтүлгөн тиешелүү негиздер бар учурда «Электрондук виза» (evisa.e-gov.kg) порталы аркылуу электрондук түрдө таризделет.
Кошумча окуңуз: 1-марттан баштап чет элдик жарандар үчүн «жашыл коридор» жабылат