Кыргызстан рейтингде «орточо эркин» категориясынан «негизинен эркин эмес» категориясына өттү
КР 2022-жылы экономикалык эркиндик индекси боюнча 116-орунду ээледи. Кыргызстандын экономикалык эркиндигинин көрсөткүчү 55.8 болду. Рейтинг Heritage Foundation фонду тарабынан түзүлгөн.
Ошол эле учурда Кыргызстан Азия – Тынч океан аймагындагы 39 өлкөнүн ичинен 24-орунду ээлеп, жалпы баллы аймактык жана дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн төмөн деп бааланган.
Изилдөөдө Кыргызстанда экономикалык өсүш 2020-жылы аябай төмөн болуп, бирок ал 2021-жылы калыбына келгени айтылат.
Республикада экономикалык эркиндикти кеңейтүүнүн беш жылдык тенденциясы бузулганы белгиленет. Бизнес эркиндиги, эмгек эркиндиги жана мыйзам үстөмдүгү боюнча упайлардын төмөндөшүнүн шартында Кыргызстандын экономикалык эркиндигинен жалпы жоготуусу 2017-жылдан бери 5.3 баллды түзгөн. Өлкө «орточо эркин» категориясынан «негизинен эркин эмес» категориясына өткөн. Салыштырмалуу жеңил салыктарга карабастан, сот системасынын эффективдүүлүгү өтө эле алсыз деп бааланган.