Кыргызстанда бир балага жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт – өтө аз
Кыргызстанда ар айлык жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-февральда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жыйынында билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жөлөк пулдун бир канча түрү бар:
- Балага сүйүнчү. Бул бир жолку төлөм. Толук автоматташтырылган жана бирдиктүү терезе аркылуу жүргүзүлөт. 2 күндүн ичинде берилет.
- Үй-бүлөгө көмөк. 16 жашка чейинки балдары бар үй-бүлөлөргө ар айлык жөлөк пул.
- Социалдык жөлөк пул. Пенсиялык камсыз кылууга укугу жок адамдарга ар айлык жөлөк пул катары берилет
- ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелүү адамдар, балдар, ата энеси каза болгон балдар, улгайган жарандар, баатыр энелерге берилчү жөлөк пулдар.
Базарбаев учурда 110 миң үй-бүлөгө, тагыраак айтканда, 364 миң балага жөлөк пул берилип келээрин жана кепилденген кирешенин эң төмөн өлчөмү тууралуу айтып берди.
«Үй-бүлөгө көмөк боюнча 16 жашка чейинки балдарга ар айлык жөлөк пулдун өлчөмү 810 сомду түзөт. Кепилденген кирешенин эң төмөн өлчөмү 1000 сомду түзөт», – деди министр.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда жашоо минимумунун өлчөмү 6383 сомду түзөт.
Аймактардагы жашоо минимуму
(адам башына орточо эсеп менен алганда, айына сом менен, 2020-2021)
