«Лейлек» ЭЭАда 5 ишкана ишин баштады
«Лейлек» ЭЭАда 17 компания катталган, анын ичинен 5 ишкана өз ишин баштады. Бул тууралуу Экономика жана соода министри Данияр Амангелдиевге ЭЭАнын жетекчилиги билдиргенин Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
2021-жылы дагы үч компания ЭЭАнын субъекти катары каттоодон өтүүгө арыз берген, анын ичинде «БЕШ-ТАШ Групп» ЖЧКсы да бар. Бул ишкана жерди ижарага алып, өндүрүш объектисин кура баштаган.
Белгилей кетсек, 17-февралдан 18-февралга чейин министр Баткен облусунда иш сапары менен жүрөт.