Бюджетте канча акча бар билбейм, бирок айлык акым 34 миң сом – министрдин орун басары
Бүгүн, 21-февральда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыков министрликтин бюджетинде канча акча бар экенин билбей тургандыгын айтты. Комитеттин мүчөсү Жалолидин Нурбаев министрликтин ишмердиги жана анын бюджети тууралуу сурады. «Чынын айтсам, билбейт экенмин»
Бүгүн, 21-февральда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыков министрликтин бюджетинде канча акча бар экенин билбей тургандыгын айтты.
Комитеттин мүчөсү Жалолидин Нурбаев министрликтин ишмердиги жана анын бюджети тууралуу сурады.
«Чынын айтсам, билбейт экенмин», – деди министрдин биринчи орун басары.
Депутат мекеменин орун басары бюджетти билбесе, кандай суроо берээрин деле билбей турганын айтты. Андан ары Садыковду кийинки жыйынга даярданып келээрине үмүттөнгөнүн билдирип, министрдин канча орун басары жана алардын айлык акылары кандай экенин сурады.
«Министрдин беш орун басары бар. Менин айлыгым учурда 34 миң сом», – деди Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Канатбек Садыков.