Кыргызстан жакында ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт – дагы карыз
Кыргызстан жакында дагы ала турган автобустарга жыл сайын 2.8 млн евродон кредит төлөйт. Бул тууралуу, бүгүн, 21-февральда Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын 16-сентябрында Бишкек шаарында кол коюлган эки тараптуу документ боюнча Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) 25 млн еврону насыя түрүндө жана 8 млн еврону грант түрүндө берет. Бул каражатка борборго 250 автобус алуу каралууда.
Мэрдин айтымында бул кредит мэриянын бюджетинен төлөнөт.
«3 жылдан кийин жыл сайын 2.8 млн евродон төлөнөт. Учурда тариф боюнча саясат иштелип чыгып жатат», – деди Жунушалиев.
Эскерте кетсек, Кыргызстандын мамлекеттик карызы (тышкы+ички) 2021-жылдын 31-декабрына карата алдын ала маалыматтар боюнча 5 млрд 147 млн долларды (436 млрд сомдон ашык) түздү. Мындай маалыматты Финансы министрлиги жарыялаган.
Кошумча окуңуз: 2021-жылы Кыргызстандын мамлекеттик карызы 5 млрд доллардан ашты.