«Мамлекеттик ипотекалык компания» насыя берүүнү улатат
2022-жылдын 21-февралынан тартып «МИК» ААК өнөктөш-банктар аркылуу «Менин үйүм 2021-2026» программасынын алкагында «Жеңилдетилген ипотека» жана «Арзан ипотека» багыттары боюнча ипотекалык кредиттерди каржылоону жана берүүнү улантат.
«Жеңилдетилген ипотека» жана «Арзан ипотека» багыттары боюнча электрондук порталында бекитилген программанын бардык катышуучулары, «РСК Банк» ААК, «Айыл Банк» ААК жана «Бакай Банк» ААК филиалдарына кайрылса болот.
«МИК» ААК билдиргендей, ипотекага суроо-талаптын жогору болушуна жана финансылык ресурстардын чектелишине байланыштуу каржылоо төмөндөгүдөй түрдө ишке ашырылат:
- Банктын кеңсесине барганда Банктын кызматкери Сиздин арызыңызды электрондук порталда «МИК тарабынан жактырылды» деген статусу бар-жоктугун текшерет жана «Банктын кароосунда» деген статусун коет (учурда, статустун белгиленген күнү жана убактысы электрондук порталга жазылат, кошумча SMS–билдирүү жөнөтүлөт).
- «Банктын кароосунда» деген статусунун белгиленген убактысы жана датасы боюнча «МИК» ААКтын электрондук порталы ипотекалык кредиттерди каржылоого арыздардын кезегин автоматтык түрдө белгилейт.
- Документтерди толук чогултуу жана турак жайды издөө үчүн кошумча «Турак-жай издөөгө жана Банкка документтерди тапшырууга Сизге 20 күн берилет» деген SMS–билдирүү келген учурдан баштап 20 календардык күндөн ашык эмес убакыт берилет. Эгерде, белгиленген мөөнөттө керектүү документтерди чогултууга жана турак жай табууга үлгүрбөсөңүз, учурдагы каржылык ресурстардын чектелгенин эске алуу менен арызыңыздын статусу өзгөрүлөт. Бул учурда Сиз Банкка кайрадан кайрылууңуз керек, бирок бул учурда арызыңыздын статусту «Банктын кароосунда» деп өзгөрүлөт, электрондук порталда статусту белгилөөнүн жаңы датасы жана убактысы жазылат.
- Банк тарабынан жактырылган баардык катышуучулардын ипотекалык кредит алууга арыздары «МИК» ААК тарабынан белгиленген мөөнөттө каржыланат.