МСК бизнести ЕАЭБге товарларды электрондук эсеп-фактура менен экспорттоого чакырат
Мамлекеттик салык кызматы (МСК) бизнести ЕАЭБ өлкөлөрүнө электрондук эсеп-фактура менен товарларды экспорттоого чакырды.
МСКнын төрагасы Алтынбек Абдувапов Алматы шаарында КР менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 1-отурумундагы кол коюлган документтердин бирине ылайык, кыргызстандык жүк ташуучулар товарларды Казакстан аймагына жана ЕАЭБге мүчө башка өлкөлөргө экспорттоодо ташылуучу товарга карата QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керектигин айтты.
ЭЭФнын болушу автотранспорт каражаттарына Казакстан аймагындагы контролдук-текшерүү жол-жоболорун болтурбоо мүмкүндүгүн берет.
«Бул биздин жүк ташуучулардын жолун жеңилдетет, анткени алар бир нече саат бою чек арада туруп, текшерүүдөн өтпөйт. Ошондуктан, QR-коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактураны алып жүрүү алардын кызыкчылыгы үчүн болот. Экинчиден, бул бир дагы контрабандалык жүк Кыргызстандын аймагына да, Казакстан тарапка да өтпөйт дегенди билдирет», – дейт ал.