Шарджадан «Ош» аэропортуна биринчи каттам конду

Шарджадан «Ош»  аэропортуна биринчи каттам конду

Бүгүн, 21-февральда «Ош» эл аралык аэропортунда «Шарджа – Ош – Шарджа» багыты боюнча биринчи каттам конду. Бул тууралуу «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы кабарлады.

  • Каттамдар Air Arabia (БАЭ) авиакомпаниясы тарабынан 2022-жылдын 21-февралынан 3-мартына чейин дүйшөмбү жана ишемби күндөрү аткарылат. Ал эми 3-марттан тарта каттамдардын саны жумасына 3 жолу: дүйшөмбү, шаршемби жана ишемби күндөрү аткарылмакчы. Болжолдуу учуу убактысы 3.5-4 саатты түзөт.

Учакты салтка айланган адат боюнча суу аркасы менен тосуп алышты. Ош шаарынан Шарджага биринчи каттам менен 164 жүргүнчү учуп кетсе, 10 адам учуп келген.

«Бүгүн маанилүү күндөрдүн бири. «Шарджа-Ош-Шарджа» багыты боюнча биринчи жолу каттам ачып жатабыз. Түз авиакаттамдардын ачылышы эки өлкөнүн ортосундагы кызматташууну кеңейтип, мамлекеттин жана жалпы авиация тармагынын өнүгүшүнө өбөлгө түзөт», – деп билдирди «МЭА» ААК Башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө «Ош» эл аралык аэропортунан РФнын бир канча шаарларына түз үзгүлтүксүз авиакаттамдар бар. Ошондой эле, акыркы эки жылда Турция жана Кувейтке да аба каттамдары ачылган.

Мындан тышкары окуңуз

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бакыт Төрөбаев "Тойбосс" ишканасынын өндүрүшү менен таанышты

Бүгүн Бишкек шаарында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Тойбосс эт продукцияларын өндүрүүчү ишканасына барып, анын өндүрүштүк ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Иш сапардын жүрүшүндө өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө системасы жана продукцияны кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү каралды. Компания халал стандарттарына ылайык сертификацияланган эт

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Көк-Жардагы курулуш компаниясына 200 миң сом айып салынды

Кечээ Бишкек шаарындагы Көк-Жар айылында катуу шамалдын кесепетинен курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн убактылуу тосмосу кулап, жакын жайгашкан турак үйлөрдүн тосмолоруна зыян келтирген. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Бул тууралуу маалымат түшкөндөн кийин Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин адистери жеринде текшерүү жүргүзгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш иштерин жүргүзүп жаткан Централ Азия Инвест

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Кеминде жылына 15 миң тонна тоок этин өндүрүү пландалууда

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев Чүй облусунун Кемин районундагы "Агрокуш" ишканасынын филиалынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Маалыматка ылайык, ишкана "Кемин" өндүрүштүк комплексин түзүү долбоорун ишке ашырууда. Бул долбоор бройлер канаттуулар тармагын өнүктүрүүгө багытталган жана жаңы инкубаторийди,

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Медициналык камсыздандырууда ачык-айкындуулук күчөтүлөт

Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасында жарандарды медициналык камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам 2026-жылдын 22-январында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. Документ медициналык камсыздандыруу тутумунда камсыздандырылган жарандардын саламаттык сактоо кызмат көрсөтүүчүлөрүнөн толук жана так маалымат алуу укугун камсыз кылууга багытталган. Ошондой эле Мамлекеттик кепилдиктер программасынын алкагында