Султанбай Айжигитов Бишкектин мэрия өкүлдөрүн каттуу сынга алды
Бүгүн, 21-февральда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында депутат Султанбай Айжигитов Бишкек мэриясынын өкүлдөрүн каттуу сынга алды.
Айжигитовдун радиациялуу миңдеген тонна көмүр каякта деген суроосуна Бишкектин вице-мэри Максат Сазыкулов так жооп бере алган жок. Мэрия өкүлдөрү ал көмүрдү ӨКМ Кара-Балта шаарына алып кеткенин, бирок андан ары эмне болгону тууралуу маалыматы жок экендигин билдиришти.
«Докладыңар бир мүнөт. Анткени эч нерсе жасабай атасыңар, айтканга да эч нерсеңер жок. Кичине иш кылсаңар сайрап чыкмаксыңар. Социалдык тармактарды кошуп толтуруп жибермексиңер. Качан иштейсиңер. Жүз миңдеген көмүр каякка кетти?», – деди Айжигитов.
Мындан тышкары, депутат Бишкекте жаш балдардын чачынан табылып жаткан оор металл тууралуу сураганда, мэрия өкүлдөрү андай маалымат билишпегенин айтышты.