Түп районунда 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылды
Түп районунун Ак-Булак айылында 100 орунду кийим тигүү фабрикасы ачылып, ишке кирди. Бул тууралуу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү Фондунун маалымат кызматы кабарлады.
Тигүү фабрикасын ачууга Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фонду 10 млн сом каржылоо бөлгөн.
Бул тигүү цехи «Салкын» ЖЧКнын Ысык-Көл облусундагы экинчи филиалы. Жакынкы күндөрү Каракол шаарына 200 орундуу дагы бир филиалы ачылмакчы.


