Турак жай жана эл каттоону өткөрүүгө 28 миң адам тартылат – Улутстатком
Каттоо саамалыгына Кыргызстандын бардык аймактарынан дээрлик 28 миң адам тартылат. Бул тууралуу Улутстаткомдон билдиришти.
Алардын арасынан 25 миңи каттоочулар. Алардын бардыгында Android-5 жана андан жогорку мобилдик аппарат болот.
Улутстаткомдон билдиришкендей, эл жана турак-жай фондун каттоо баракчасы өзүнө беш суроолор тизмегин камтыйт. Беш суроолор тизмегинин төртүнчүсү чет мамлекетке чыгып кетишкен адамдарга ылайык иштелип чыккан. Негизинен, суроолор тизмеги 40тан ашык суроолордон турат.
Суроолор жеңил: үй-бүлөдө канча адам жашайт, кандай шартта жашашат, үйдүн дубалдары эмне материалдан жасалган, жашагандардын билим деңгээли, жаш курагы, белгиленген жерде канча убактан бери жашап жатышкандыгы, тиричилик кылуудагы каражаттарынын булактары, кайсы тил эне тили болуп саналгандыгы, дагы башка кандай тилдерде сүйлөй ала тургандыгы, учурда иштеп жатышабы же жумуш издеп жатышабы жана башкалар. Үй-бүлөдө бир адам бардык адамдар үчүн жооп бергенге мүмкүнчүлүк берилет.
- Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстанда эл жана турак-жай фондун каттоо өтөт. Бул мамлекеттик деңгээлдеги чоң иш-чара салттуу түрдө ар он жылда бир өтөт. Бул жолку эл каттоо Кыргызстан эгемендик алгандан берки убакта үчүнчү ирет өткөрүлүп жатат. КРнын биринчи улуттук эл жана турак-жай фондун каттоо 1999-жылы өткөрүлсө, экинчи эл каттоо 2009-жылы болгон.