Улуттук банк ички рынокто бир дагы аффинаждалган алтын куймасын сата элек
Улуттук банк ички рынокто бир дагы аффинаждалган алтын куймасын сата элек. Бул тууралуу vesti.kg регулятордун берген маалыматына таянып жазды.
Эскерте кетсек, УБ 1-февралдан тартып, 12 килограммдан 13 килограммга чейинки алтын куймаларын сатыкка койгон. Эң кичине куймасынын баасы – 58 млн сом (12.3 кг) болсо, эң чоңу – 64 млн сомдон (13 кг) ашат. Бирок жөнгө салуучу эч бир куйма сатыла электигин билдирген.
Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99.95%ын химиялык таза металл түзөт.
Кошумча окуңуз: Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?