Жылдын аягына чейин Бишкекте таштанды сорттоочу завод курулат – вице-мэр
Жылдын аягына чейин Бишкекте таштандачы сорттоочу завод курулат. Бул тууралуу бүгүн, 21-февральда Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Бишкек шаарынын вице-мэри Максат Сазыкулов билдирди.
Анын айтымында, 2022-жылдын III кварталына чейин заводдун курулушу аяктайт.
«Быйыл жылдын аягына чейин таштандачы сортточу завод курулуп калат. Ал заводду курууга 280 млн евро акча каралган, бул анык, учурда ЕРӨБдүн эсебинде турат», – деди ал.
Белгилей кетсек, заводдун курулушу ЕРӨБдүн долбоору менен каржыланат. Бюджети 22 млн еврону түзөт, анын ичинен 11 млн доллары жеңилдетилген насыя түрүндө, 3 млн доллары болсо – атайын грант түрүндө берилет. Калган 8 млн доллар – Борбордук Азия үчүн инвестициялык фондунун Европа Биримдигинин гранты болуп эсептелет.
- Бирок вице-мэр заводдун курулушуна 280 млн евро бөлүнөт деген маалыматты айтты.
Кошумча окуңуз: Бишкектеги таштандыларды сорттоочу заводдун курулушуна тендер март айында жарыяланат – бюджет 22 млн евро
Таштанды полигонун рекультивациялоого 10.5 млн евро сарпталган, бирок эч бир иш жасалбаган – мэрия
Эстониялык компания Бишкектеги таштанды полигонун жабуу жана калыбына келтирүү иштерин баштайт