Эдил Байсалов ОшМУга барып сүрөткө түшүп келди
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ош мамлекеттик университетине барып, алардын иши менен жөн гана таанышып келди. Бул тууралуу кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.
Атап айтканда, ал индустриалдык-педагогикалык колледждин алдыңкы тажрыйбалар борборунун жана ОшМУнун медициналык клиникасынын иши менен таанышты.
Эдил Байсалов окуу жайдын жетишкендиктери менен таанышып, санариптик билим берүү чөйрөсү, ачык-айкындуулукту камсыздоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер, академиялык мобилдүүлүк программалары тууралуу кеңири маалымат алды.





