Көп жүргүзүлгөн интервенциялардан улам Улуттук банктын кирешеси 11 млрд сомго чейин өстү – Бөкөнтаев
Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаев кечээ, 21-февралда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында Улуттук банктын кирешеси 2018-жылдагы 2.1 млрд сомдон 2021-жылы 10.9 млрд сомго чейин кантип өскөнүн айтып берди.
Бөкөнтаевдин айтымында, кирешенин мындай көлөмү чет элдик валюта менен жүргүзүлгөн операциялардан, тактап айтканда, курстук айырманын эсебинен келген.
«Көптөгөн интервенциялар бизге ушундай киреше алып келди», – деди ал.
Улуттук банктын башчысы 2021-2022-жылдардагы кирешенин 90%ын республикалык бюджетке которуу боюнча мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди.
«Бул мыйзам республикалык бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында демилгеленген. Мунун баары учурда биз пандемиянын кесепеттерин баштан кечирип жатканыбызга байланыштуу. Ошондуктан бизге 10% эле калганына карабай, бул долбоорду колдойбуз», – деди Бөкөнтаев.
- Белгилей кетсек, Улуттук банктын январь айында кирешеси 2021-жылдын январь айына (1 млрд сом) салыштырмалуу үч эсеге көбөйүп, 3.1 млрд сомду түзгөн. Мындай маалыматтар жөнгө салуучу органдын сайтында жарыяланган.
Улуттук банктын активдери 297.8 млрд сомду (2020-жылга карата +25.5 млрд сом) түздү. Милдеттенмелер 237.4 млрд сом (+36.3 млрд) деңгээлинде түзүлгөн. Жөнгө салуучунун жалпы капиталы 60.4 млрд сомду түздү.