Өлкөдөн жер семирткичтерди сыртка ташып чыгууга тыюу салынды
Министрлер Кабинети тарабынан КРдан минералдык жер семирткичтерди ЕАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Бул чечим жазгы-талаа жумуштарынын мезгилинде ата мекендик айыл чарбаны минералдык жер семирткичтер менен өз убагында жана толук көлөмдө камсыздоого багытталган.
Убактылуу тыюу салуу 6 айлык мөөнөткө киргизилди.
Эскерте кетсек, Кыргызстан бир дагы кг минералдык жер семирткич өндүрбөйт, толугу менен импортко көз каранды. Жер семирткичтердин негизги бөлүгү – 85-87% Өзбекстандан, ал эми фосфордук, аммофос, калийдик жер семирткичтер болсо Россиядан жана Казакстандан келет.
2022-жылга карата айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсү 268.6 миң тоннаны түзөт деп болжолдонууда, анын ичинен азоттук жер семирткичтер 146.9 миң тонна, фосфордук жер семирткичтер 104.5 миң тонна, калийдик жер семирткичтер 17.2 миң тонна.
Кошумча окуңуз: Кыргызстан бир дагы минералдык жер семирткич өндүрбөйт, импортко көз карандыбыз – министр
Жер семирткичтерди сатып алууга бюджеттен 975 млн сом бөлүндү